УКМК Токмокто интимдик кызмат көрсөтүүчү жайлардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын билдирди

  • 7 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Чүй облусунун Токмок шаарында интимдик кызмат көрсөтүүчү жайлардын ишмердүүлүгүнө бөгөт койгонун билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК Чүй облустук милициясы менен биргеликте Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана бузукулукка үгүттөө) боюнча катталган кылмыш ишинин негизинде Токмок шаарынын аймагында интимдик жайларды уюштурган адамдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт койгон.

«2023-жылдын 26-декабрында Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата, Жайыл, Чүй райондорунун жана Токмок шаарынын аймагындагы интимдик жайларды аныктоо максатында тиешелүү ыкчам чаралар көрүлүп, анын жүрүшүндө телефон аркылуу сүйлөшүү жолу менен Токмок шаарында интимдик кызмат көрсөтүүчү сауна аныкталды«, — деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

Ошондой эле, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы жана Токмок шаардык башкармалыгы менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Токмок шаарынын Верхне-Луговая көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде интимдик кызмат көрсөтүүчү жай аныкталган.

Иш-чаранын жыйынтыгында ал жайдын ээси жана анда иштеген эки жаран кармалып, Токмок ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты