УКМК: Токмок ШИИБинин кызматкери пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды

  • 9 месяцев мурун

Токмок ШИИБинин кызматкери пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө 19-октябрда Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте, КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) боюнча Токмок ШИИБнин кызматкери, милициянын улук лейтенанты М.Д.К. 178 000 сом алып жаткан жеринен кармалган.
Токмок ШИИБнин кызматкери арыз ээсинин уулу А.Рды зордуктоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн 2000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталган.

Кармалган М.Д. УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда жогорудагы мыйзам бузууларга тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты