УКМК: Өткөрүү пунктунан акча чогултуу боюнча туруктуу кылмыш схемасын уюштурган кылмыштуу топ кармалды

  • 10 месяцев мурун

Өткөрүү пунктунан акча чогултуу боюнча туруктуу кылмыш схемасын уюштурган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (Экономикалык контрабанда) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Казакстан менен Кыргызстан Республикасынын чек арасынын ортосундагы өткөрүү пунктунда мыйзамсыз баюу максатында, Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган жеке ишкерлерден акча талап кылуу жана өндүрүү боюнча туруктуу кылмыштуу схеманы уюштурушкан трансулуттук кылмыштуу топ аныкталды.

Натыйжада үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандары М.О. жана С.У.Т. (Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жакын туугандары) кармалды.

Учурда бул кылмыштуу схемага тиешеси бар айрым жогорку кызматтагы адамдарды жана аткаминерлерди аныктоо боюнча активдүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты