УКМК: «Таза конок» ишканасынын жетекчиси кармалды

  • 6 месяцев мурун

«Таза Конок» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т.Э., ошондой эле Сокулук районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаты Э.Т. тарабынан документтерди жасалмалоо жолу менен алдамчылык фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Такталгандай, муниципалдык ишкананын жетекчиси жасалма документтерди жасап, башка адамдар сүйлөшүп алып, анын атына башка бирөөнүн кыймылсыз мүлкүн мыйзамсыз каттатып алганы, кийин үчүнчү жактарга сатылганы аныкталды.
17-январда УКМК тарабынан Т.Э. карата Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (документтерди жасалмалоо), 209-беренеси (алдамчылык) жана 212-беренеси (башка бирөөнүн жерин өзүм билемдик менен басып алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Азыркы учурда, кылмыш ишинин алкагында Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Т.Э. УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты