УКМК тарабынан пара талап кылуу фактысы боюнча милициянын лейтенанты кармалды

  • 9 месяцев мурун

18-октябрда Бишкек ШИИБ Биринчи Май райондук ички иштер башкы башкармалыгынын 5-шаардык милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын лейтенанты И.Т. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кармалган кызматкер ИИМ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринен турган кылмыштуу топ менен түздөн-түз байланышта болгону, алар кылмыш ишин козгоо шылтоосу менен баңгизатын жеке колдонуу үчүн сатып алууну көздөгөн адамдардан акча талап кылуу менен алектенгендиги аныкталды.

Кармалган кызматкер Жаза аткаруу кызматынын 1-тергөө абагына киргизилди. Учурда УКМК тарабынан жогоруда аталган кылмыш иштерине тиешеси бар ИИМдин башка кызматкерлерине карата аларды кармоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты