УКМК тарабынан Ош облустук милициясынын бөлүм башчысы кармалды

  • 5 месяцев мурун

Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы АКШ жаранынан акча талап кылганга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

2023-жылдын декабрь айынын аягында АКШ жараны Н.Б., С.З. жана П.М.нын жардамы менен Ош облусунун ИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн бөлүм башчысы К.И.А.га зордуктоо, коркутуу жана шантаж кылуу фактысы боюнча кыргыз жараны М.Н.М.га карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. «Бирок милиция кызматкери К.И.А. кылмыштуу кол салууга бөгөт коюунун жана М.Н.М.га карата мыйзамда белгиленген чараларды көрүүнүн ордуна, экинчиси менен кылмыштуу бүтүмгө кирип, ал аркылуу АКШнын жараны Н.Б.дан шантаж кылуу жолу аркылуу 2 миллион сом өлчөмүндө акча талап кылууну уюштурган.

Чындыкты аныктоо максатында Н.Б Ош шаардык ички иштер башкармалыгына М.Н.М.га карата чара көрүү үчүн кайрылууга аргасыз болгон, ал козголгон кылмыш ишинин алкагында акча каражаттарын алып жатканда пара менен кармалган.

Тергөөнүн жыйынтыгында, акча каражатын алуу үчүн М.Н.М.аттуу жаранды милиция кызматкери К.И.А. өзүнүн жеке автоунаасы менен алып келгендиги, ал жогорудагы жаранды кармоодо кылмыш болгон жерден качып кеткендиги аныкталган», — деп жазылат маалыматта.

Аталган кылмыш иши тергөө үчүн УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилип, анда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплексинин негизинде 13-февраль күнү Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы К.И.А. пара талап кылган деген шек менен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты