УКМК тарабынан кармалган Ат-Башы райондук салык органынын башчысы кызматтан бошотулду

  • 2 года мурун

УКМК тарабынан кармалган Ат-Башы райондук салык органынын башчысы кызматтан бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгынын начальниги ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов кол койду.

Кызматтан бошотууга УКМК тарабынан 21-июнда жеке ишкерден пара алып жаткан жеринен кармалышы негиз болду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты