УКМК: Тамеки буюмдарын мыйзамсыз алып келүү иштерине бөгөт коюлду

  • 6 месяцев мурун

Тамеки буюмдарын мыйзамсыз алып келүү иштерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Ак-Тилек-унажолу» чек ара пунктунда ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып келүүгө жана Кыргыз Республикасынын салык органдарында каттоого турууга тиешелүү документтери жок, ичинде жалпы суммасы 4 млн даана 200 куту даяр тамеки буюмдары болгон «Вольво» үлгүсүндөгү автоунаа кармалган.

Учурда Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын адистеринин биргелиги менен ыкчам- тергөө иш-чараларынын алкагында республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн тактоо, ошондой эле жогорудагы кылмышка тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты