УКМК: «Таластын тургуну “Йакын Инкар” диний экстремисттик агымдын идеологиясынан баш тартты»

  • 2 года мурун

Таластын тургуну “Йакын Инкар” диний экстремисттик агымдын идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Талас районунун тургуну Б.Д. тандап алган диний багытынын туура эмес экенин түшүнүү менен кабыл алып, экстремисттик идеялардан баш тартып, жарандарды “Йакын Инкар” ДЭАнын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.

Б.Д. “Йакын Инкар” ДЭАнын активдүү мүчөсү катары өзүнүн миссионердик билдирүүсүндө медициналык мекемелердин кызматынан (эмдөөдөн) баш тартууга, бийликтин жана расмий дин кызматкерлеринин административдик документтерин тааныбоого чакырып, ошондой эле башка диний агымдардын өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүн сынга алган. Азыркы учурда УКМК тарабынан “Йакын Инкар” ДЭАнын жана башка диний-экстремисттик агымдардын ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле калк арасында алдын алуу иш-чаралары улантылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты