УКМК Таластагы мечиттерди текшерүүгө алды

  • 11 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Талас облусундагы эки жүзгө жакын мечитти текшерүүгө алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, иштеп жаткан 192 мечиттин жана намазкананын ичинен 5 мечиттин каттоодон өтпөгөндүгү, 172 мечитте өрт коопсуздук эрежелеринин сакталбаганы аныкталды. Ошондой эле санитардык-гигиеналык нормалардын талаптарын 107 мечит сактаган эмес. 192 мечиттин 29у Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосунан өтө электиги белгилүү болду.

Анын негизинде райондук мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мечит имамдарына аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырмалар берилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты