УКМК: Таласта милиция кызматкери кармалды
- 2 года мурун
Таласта милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-январда Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси «Пара талап кылуу» боюнча кылмыш ишинин алкагында үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча текшерүүнү токтоткондугу үчүн талап кылынган сумманын 20 000 сом бөлүгүн алгандан кийин Талас райондук ИИБнын милициянын участкалык инспектору Ж.Т.А. кармалып, Талас ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча ыкчам – тергөө иш-чаралары улантылууда.
Муну бөлүшүү




