УКМК: Таласта баасы 3 млн сомдон ашык күйүүчү-майлоочу май мыйзамсыз алынып келе жатканы аныкталды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Талас облусу боюнча башкармалыгы күйүүчү-майлоочу майларды милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү төлөбөстөн мыйзамсыз алып келүү аракетине бөгөт койду. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

УКМК билдиргендей, 2023-жылдын 7-январында Талас районунун Кара-Ой айылында 1977-ж.т. Н.А.А. аттуу жаран айдап бара жаткан 08 KG 874 AAN мамлекеттик номери менен “ДАФ” үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Текшерүү учурунда унаанын ичинде тиешелүү документтери жана цистернанын капкактарында контролдук пломбалары жок 36 тонна (баасы 3 млн сомдон ашык) күйүүчү-майлоочу майлар бар экени аныкталган.

Учурда күйүүчү-майлоочу майлардын келип чыгышынын бардык жагдайларын изилдөө, ошондой эле милдеттүү салыктыкты төлөбөй коюу түрүндөгү зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты