УКМК: Талас шаарында бюджеттик каражаттарды уурдоо фактысы аныкталды

  • 2 недели мурун

Талас шаарында бюджеттик каражаттарды уурдоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК тарабынан Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасында материалдык каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруу жолу аркылуу акча каражаттарын уурдоо боюнча коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду.

Мындан улам, аталган муниципалдык ишкананын жооптуу жетекчилерине жана кызматкерлерине кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Аудитордук текшерүүнүн алдын ала жыйынтыгы менен мамлекеттин кызыкчылыгына 6 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилгени такталды.

Азыркы учурда бул иштин бардык жагдайларын, ошондой эле коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты