УКМК: Талас райондук суу чарба башкармалыгында жасалма катталган кызмат адамы аныкталды

  • 5 месяцев мурун

Талас райондук суу чарба башкармалыгынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Коргоо министрлигинин бөлүктөрүнүн биринин аскер кызматкери К.А. Талас райондук Суу чарба башкармалыгынын кызмат адамдары менен тил табышып алып, 2020-жылдын май айынан тарта 2023-жылдын ноябрына чейин Талас РСЧБнын кызматкери катары эмгек акыны мыйзамсыз алып, мамлекеттин бюджетине зыян келтирип келген. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча кылмыш иши козголуп, Талас РСЧБнын мурдагы жетекчилери А.Д, Н.Н. жана башка кызматкерлер тергөө иштерин жүргүзүү үчүн УКМКга жеткирилди.

Учурда келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана тиешелүү адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты