УКМК: Талас ОИИБинин кызматкери кармалды

  • 6 месяцев мурун

Талас ОИИБинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, пара алып жаткан жеринен Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкери милициянын сержанты Б.у.Н. кармалды. Атап айтканда, Б.у.Н. системалуу негизде Талас районундагы соода түйүндөрүндө иштеген ыктыярчылардан акча каражаты алып турган.

Учурда жогорудагы фактыларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты