УКМК төрагасынын эксклюзивдүү маегинде 13 ирет манипуляция, коркутуу жана жалган маалымат айтылды

  • 2 года мурун

Ушул аптада УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев журналист Лейла Саралаева менен эксклюзивдүү маек курду. Макала “Жаңы жүздөр” сайтында жарыяланган.

Factcheck.kg Ташиевдин интервьюсун талдап чыгып, маекте 13 ирет манипуляция, коркутуу жана жалган маалымат айтылганын аныктады.

Эске салсак, буга чейин Factcheck.kg өлкө башчысы Садыр Жапаровдун Kabar.kg агенттигине берген интервьюсун текшерип, 10 ирет манипуляция жана жалган маалымат айтылганын маалымдаган. Ташиев Жапаровдон айырмаланып, билдирүүлөрүндө коркутууларды да колдонору көрүндү. 

1.Цитата: «УКМКнын СИЗОсуна бардык бизнесмендер жана мурдагы мамлекеттик кызматкерлер камалууну суранышат, анткени бул жерде эч кимге эч качан басым жасалган эмес».

Жыйынтык: жалган

2011-жылы Мамлекеттик бажы кызматында он жылга жакын иштеген Фирусхан Физиев УКМКнын дубалында кармалып, кыйноого кабылып каза болгон. Ал эми өткөн жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Кыргызстан анын өлүмү жана кыйноолор боюнча иликтөө жүргүзбөгөнүн билдирген

«Физиевдин баш, бет, моюн, тулку жана буту-колу сыйрылып, көгала болгон, мээнин контузиясы, кабыргалары, көкүрөк сөөктөрү, көкүрөк омурткалары сынган, ички органдарына кан куюлган.  Дене жаракаттары өлүмгө аз калганда алынган, алар травматикалык шоктун өнүгүшүнө алып келген жана жалпысынан өлүмгө алып келген ден соолукка оор залал катары бааланат”, – деп белгилешкен “Кылым шамы” укук коргоо борбору.

 2. Цитата Ташиевдердин 1.5 млн сомдук тендерлерди утушу боюнча: “Ал жакта ондогон, жүздөгөн тендерлерди уткан. Бул кадыресе көрүнүш. Сен мыйзамды бузбасаң, тендерге эмнеге катыша албайсың? Биз катышканбыз”. 

Жыйынтык: манипуляция. 

УКМК төрагасынын иниси Шайырбек Ташиев 2016-жылдан 2020-жылга чейин Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты болгон. Дал ушул учурда Ташиевдердин үй-бүлөсүнө таандык “Томас и Ко” компаниясы Жалал-Абад шаарынын муниципалдык мекемелеринен 1.5 млн сомдук тендерлерди жеңгенин Temirov Live командасы аныктаган.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдын 6-беренесинде кызыкчылыктар кагылышы тууралуу айтылат:

Мамлекеттик, муниципалдык кызматчыларга жана сатып алуучу уюмдардын кызматкерлерине жана конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнө төмөндөгүлөргө тыюу салынат:

1) мамлекеттик сатып алуулардагы чечимге карата сатып алуулардын кайсы болбосун тарабынын кызыкчылыктарында кандайдыр бир таасир көрсөтүүгө;

2) ушул Мыйзамда жөнгө салынуучу сатып алууларда берүүчүлөр (подрядчылар), консультанттар катары катышууга же аффилирленген жак катары алар менен бирге болууга.

   3. Цитата: “Ал [депутат Адахан Мадумаров] мага көрсөтөм деди. Мен ага “мени менен бир нерсе болгонго чейин колуңду сындырам. Ошондой болот”, – дедим”.

Жыйынтык: жалган

2022-жылдын 2-июнунда Камчыбек Ташиев менен Адахан Мадумаров кайым айтышты. Мадумаров трибунага чыгып, спикерден 2 мүнөт берүүсүн өтүндү. Андан соң анын микрофону өчүп, эмне деп сүйлөгөнү угулган жок. Ташиев депутатка: “Ошондуктан азыраак сүйлөш керек. Тилим бар деп эле сүйлөй бербей. Жооп бересиз баарына”, – деди. 

Бирок ал  “мени менен бир нерсе болгонго чейин” деген эмес. “Жакшы, рахмат. Колуңду кесебегин. Сындырым коем. Колуңду сындырып коем”, – деди.

Маалымат катары Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинде өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу тууралуу айтыларын жана бул үчүн жаза каралганын белгилейбиз. 

 4. Цитата: “Өткөн жылы менин уулумдун фирмасы жергиликтүү бийликтин документтерди каттоо өтүнүчү менен 3-4 тендерге катышкан. Ал бул тендерлерден 16 миң сом киреше тапкан. Бул тендерлердин баасы 50 миң, 250 миң сом болгон. Башкача айтканда ал 7 жана 8 миң сом пайда тапкан. Ал мамлекеттин эсебинен байыйын деген оюнда жок эле”.

Жыйынтык: манипуляция.

Ташиев 7 жана 8 миң сом киреше тууралуу айтканында өткөн жыл боюнча гана маалымат берип, быйылкы жыл тууралуу унчуккан жок. Temirov Live каналынын журналисттери 2022-жылдын 31-январында мамлекеттик сатып алуулар сайтында УКМК төрагасынын уулу Тай-Мурас Ташиевге таандык “Мока Групп” компаниясы каттоодон өтүп, 30-мартта Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгынан 201.6 миң сомго, 8-апрелде Жалал-Абад шаардык кеңешинен 48.6 миң сомго жана мэрия тарабынан 97,2 миң сомго тендерлерди утканын аныктаган. 

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 15-апрелинде президент Садыр Жапаров мамлекеттик ишканаларга тендерсиз сатып алууларды жүргүзүүгө уруксат берген мыйзамга кол койгон.

  1. Цитата: “Сиз айтып атасыз (экс-президент Алмазбека Атамбаев тууралуу – ред.) аны кыйнады деп… Биздин өлкөдө андай жок! Болсо мурда болгондур! Эч ким эч кимди кыйнабайт! Түрмөдө дагы, башка жерде дагы!”

Жыйынтык: жалган.

2022-жылдын 25-мартында массалык маалымат каражаттарында Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери акыйкатчынын орун басары менен биргеликте №47 колонияга барганы жана экс-президент Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшкөнү тууралуу маалымат пайда болгон. Экс-президенттин буттарында жана колдорунда көгала тактар табылганы маалымдалган. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери №47 колониянын кызматкерлеринен видео тасмаларды көрүүнү суранышкан, бирок ала алышкан эмес.

Мындан тышкары, “Кыйноого каршы Коалициянын” 2021-жылкы M-Vector  изилдөө компаниясы менен биргеликте жүргүзгөн социологиялык изилдөөсүнө ылайык, укук коргоо органдары тарабынан айыпталгандар гана эмес, жабырлануучулар да кыйноого кабылып калган учурлар болгон. Сурамжылоодон өткөн 138 адамдын ичинен 28%ы кыйноого кабылган.

  1. “Журналисттик иликтөө чыккандан кийин журналисттерге карата кылмыш иштери козголуп атканын сиз түшүнүп атпайсызбы. Андыктан эл дагы ошондой ойлоп калат да”, – деген суроого УКМК башчысы мындай жооп кайтарган:

Цитата: “Мен билбейм, негизи биздин иликтөө [журналисттик иликтөөдөн] бир нече ай мурда чыккан. Себеби фактылар аныкталган.

Жыйынтык: жалган

Болот Темировдун командасы УКМК башчысынын үй-бүлөсү тууралуу бир нече иликтөө чыгарган:

  • Алгачкы сюжетти Temirov Live каналынын катталуучулары бир жыл мурда, 2021-жылдын 1-апрелинде көрүшкөн. Журналисттер УКМК башчысын контрабанда көйгөйүн чечип берүү убадасына турбаганы үчүн сынга алышкан.
  • 2021-жылдын 16-апрелинде иликтөөчүлөр УКМК башчысын жалган маалымат жана популизм үчүн айыпташкан.
  • 2022-жылдын 26-августунда Ташиевдин уулунун мамлекеттик резиденциядагы үлпөт тою тууралуу иликтөө жарык көргөн.
  • 2022- жылдын 13-октябрында журналисттер Жалал-Абад шаарындагы кафеде официантты ур-токмокко алган Нургазы Мамасадыков менен Ташиевдин байланышын аныкташкан.
  • 2021-жылдын 22-ноябрында Temirov Live УКМК төрагасынын жээни Байгазы Матисаков тууралуу дагы бир иликтөөсүн көрөрманга сунушташкан.
  • Ал эми 2022-жылдын 20-январында журналисттер “2 күндө 37 миллион сомду кантип тапса болот? Ташиевдин схемасы, Садыр Жапаровдун жообу!” аттуу чуулгандуу иликтөөсүн жарыялаган.

Эки күндөн соң, башкача айтканда 2022-жылдын 22-январында журналисттердин кеңсесине укук коргоо органдары келип, Болот Темировду камакка алышкан. Адыл кызы Айпери укук коргоо органдарына журналисттер Ташиевдердин үй-бүлөсү тууралуу 6 иликтөө жарыялаган соң кайрылган.

УКМК төрагасынын эксклюзивдүү маегинде 13 ирет манипуляция, коркутуу жана жалган маалымат айтылды

Ал эми мыйзамсыз паспорт алуу фактысы 2022-жылдын 11-февралында, тактап айтканда, Ташиевдердин үй-бүлөсү тууралуу алты иликтөө чыккандан кийин ЭҮПКда катталган.

УКМК төрагасынын эксклюзивдүү маегинде 13 ирет манипуляция, коркутуу жана жалган маалымат айтылды

Формалдуу түрдө тергөө кылмыш иши козголгондон кийин башталганы менен бул убакка алдын ала текшерүү стадиясы да камтылышы мүмкүн. Бирок, алдын ала текшерүүлөр бир нече ай мурун башталган күндө дагы журналисттердин биринчи иликтөөсүнөн мурда болгон эмес.

7.Цитата: «Мен, мисалы, мыйзамдан корком. Мен эч кимден коркпойм, бир гана мыйзамдан корком».

Ушул эле маегинде: «Эгер мени бирөө коркутса, мен ошондой эле жооп кайтарам. Менин буга духум дагы, мүмкүнчүлүгүм дагы жетет. Мен мындан кайтпайм», – деген.

Ошентип, ал оппоненттерге физикалык зомбулук көрсөтүү коркунучун актап, өзүнө карама-каршы пикир айтууда. Себеби Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинде өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу тууралуу айтылат жана бул үчүн жаза каралган.

Жыйынтык: манипуляция.

  1. Цитата: “Албетте, ар ким мыйзамга ылайык, жооп берет. Равшан [Жээнбеков] Кылмыш-жаза кодексинин 363-беренеси боюнча жооп берет”.

“Институт Медиа Полиси” уюмунун юристтери бул билдирүүнү талдап, негизсиз экенин аныкташкан. ИМПнын айтымында  «КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 363-беренесинде кылмыш жасагандыгы жөнүндө атайылап жалган маалымат же күнөөсүз деп таанылган адамдын кылмыш жасагандыгын көрсөтүү менен түздөн-түз укук коргоо органдарына билдирүү үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган”.

Жыйынтык: далилсиз коркутуу

  1. Цитата: “Эсиңерге алып койгула, биз баарын көзөмөлдөп атабыз…”

Жыйынтык: коркутуу аркылуу манипуляция. “Көзөмөл” тууралуу мыйзамда айтылган эмес.

Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө мыйзамына ылайыкУлуттук коопсуздук органдары Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдары болуп саналат жана өлкөнүн коопсуздугуна зыян келтирүүнүн алдын алуу милдеттерин аткарат. Улуттук коопсуздук органдары Кыргыз Республикасынын коопсуздугун камсыз кылуу күчтөрүнүн негизги бөлүгү катарында өздөрүнө берилген укуктардын чегинде инсандардын, коомдун, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылышат, чет өлкөлүк атайын кызматтардын жана уюмдардын чалгындоо-бүлүндүрүүчүлүк иш-аракеттерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө, эгемендүүлүгүнө, аймактык бүтүндүгүнө карата мыйзамсыз аракеттерди табуу, алдын алуу жана жоюу иштерин жүзөгө ашырышат.

“УКМКнын милдеттеринин, укуктарынын, компетенцияларынын так тизмеси бар, ага ылайык бөлүм өз ишин жүргүзөт. Бир дагы мыйзамда, анын ичинде “Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” мыйзамда жана Конституцияда бардык нерсени УКМК көзөмөлдөйт деп жазылган эмес. Негизинен мыйзамда “көзөмөл” деген сөз жок”, – дейт юрист Семетей Аманбеков.

  1. Цитата: «Кыргыздардын арасынан өлкөнү эң көп сүйгөн мен. Мындай кыргыздар өлкөдө аз. Мейли, миллиондор Кыргызстанды жакшы көрсүн, бирок, мен алардын ичинен өзгөчө болсом керек».

Жыйынтык: далилдөө мүмкүн эмес.

УКМК төрагасынын “өзгөчө” экенин тастыктоочу бир дагы критерий жана курал, индикатор жок.  Мындан тышкары, өлкөгө болгон сүйүүнүн даражасын өлчөө мүмкүн эмес.

  1. Цитата: “Мен бул кызматта бардык чечимдерди өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн кабыл алам”.

Жыйынтык: манипуляция.

Манипуляциянын бул түрү “лингвопропаганда” деп аталат. Мында манипулятор маалыматты бурмалоо жана/же аудиторияга эмоционалдык таасир этиш үчүн көркөм чагылдыруунун ар кандай каражаттарын колдонот (“Медиа монитор” басылмасынын классификацисы).

  1. Цитата: “Садыр Нургожоевич өлкөнү башкарып турганда, адилетсиздик болбойт! Менин күч органдарым бул үчүн жооп берет”.

Жыйынтык: манипуляция, лингвопропаганда.

Адилетсиздик тууралуу кеп козгордон мурда өлкөдөгү толгон-токой көйгөйлөрдү айтып кетсек:

Эл аралык Transparency International уюмунун маалыматы боюнча Кыргызстанда коррупциянын деңгээли 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча 20 позицияга төмөндөп, 124-орундан 144-орунга түшкөн. Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы дагы ММКларга жана журналисттерге кысым күчөгөндөн улам начарлоодо. Өлкөдө жакырчылыктын деңгээли өсүүдө. Жыл сайын расмий маалыматтар боюнча гана өлкө боюнча бир нече миң аял үй-бүлөлүк зомбулукка кабылат. Чек ара чыры өлүмгө алып келген учурлар болууда. Ар бир алтынчы кыргызстандык чет өлкөдө миграцияда жүрөт. Кыргызстандан жергиликтүү ишкерлер да чыгып кетүүдө – өлкөдө капиталдын агылып чыгуусу күч алууда. Мындай жагдайда УКМК башчысы Садыр Жапаров мамлекетти башкарып турганда өлкөдө адилетсиздик болбойт деп билдирип атат.

  1. Цитата: «Жок, биз адамдарды атпайбыз! Кылмышкерлерди атабыз! Адамдарды эч убакта атпайбыз».

Жыйынтык: Коркутуу аркылуу манипуляция

УКМК төрагасы кылмышкердерди адамдарга карама-каршы келтирүүдө. Кылмышкер – бул кылмыш кылган адам. Ал кылмыш кылган күндө деле адам бойдон калары шексиз. Мындан тышкары, Башмыйзамдын 75-беренесине ылайык, ар бир адам анын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен аныкталмайынча, кылмыш жана/же жорук жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт.

Жыйынтык: УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин “Жаңы жүздөр” басылмасына берген маегинде манипуляция, коркутуу жана жалган маалымат 13 ирет айтылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты