УКМК төрагасы: Арабызда «мите курттар» бар, алар менен да күрөштү улантабыз
- 10 месяцев мурун
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда коррупциялык кылмыштардын саны кескин кыскарганын, бирок «мите курттар» азыр да бар экенин айтты.
Ал Нарында элдин алдында сөз сүйлөп жатып, азыр уурулук, ири коррупция, уюшкан кылмыштуулук жок экенин кайталады.
Ошондой эле мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, коррупцияга каршы күрөш катаалдаганын кошумчалады.
«Мурда уурдаган акчасын ордуна коюп, тергөө менен кызматташып, кылган кылмышын мойнуна алса, айып пул салып чыгарып койсо болот эле. Мыйзам боюнча 200 миң, 100 миң, 50 миң кээ бирлерине 30 миң сом айып салынчу. Жаза күчөтүлгөндөн бери кылмышты мойнуна алып, уурдаган акчаны ордуна койсо да түрмөгө отурат. Натыйжада коррупциялык кылмыштардын саны кескин кыскарды. Бирок арабызда «мите курттай» болгон кызматкерлер бар. Биз алар менен да күрөштү улантабыз», – деди УКМК башчысы.




