УКМК: «Сузак РИИБинин кылмыш иликтөөсүнүн ыкчам кызматкерлери пара алып жаткан учурунда кармалышты»

  • 2 года мурун

Сузак РИИБинин кылмыш иликтөөсүнүн ыкчам кызматкерлери пара алып жаткан учурунда кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

21-июнда УКМК жана ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте Жалал-Абад облусунун Сузак РИИБи кылмыш иликтөөсүнүн ыкчам кызматкерлери 15 миң сом акча каражатын пара катары алып жаткан учурунда кармалышты.

Такталгандай, К.А. жана Э.А. аттуу Сузак РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери Сузак районунун жашочусун кылмыш жообуна тартуу менен коркутуп, жасалма арыз материалдарын жасашып, оң чечим чыгарып беребиз дешип 40 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылышкан, анын 25 миң сомун мурда алышкан.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (пара талап кылуу) боюнча УКМК Жалал-Абад башкы башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголду.

Кармалгандар УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты