УКМК: «Спирт ичимдиктерин аткезчилик жол менен алып кирген жарандар кармалды»

  • 2 года мурун

Спирт ичимдиктерин аткезчилик жол менен алып кирген кыргыз жарандары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-декабрдан 18-декабрга караган түнү Лейлек районунда коңшу өлкөдөн Кыргыз Республикасынын аймагына спирт ичимдиктерин ташыган кыргыз жарандары кармалды.

УКМК чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Лейлек районунун Алга айылынын аймагынан, мамлекеттик чек ара сызыгына жакын жерден УАЗ “Хантер” үлгүсүндөгү унаа кармалган. Унаанын ичинде эки жаран А.С. жана Н.А. болгон. Текшерүү учурунда унаанын ичинен спирттик ичимдиктери бар 3 челек табылган.

Жыйынтыгында бул жарандар аткезчилик жол менен алып өтүүгө тийиш болгон жалпы көлөмү 1000 литрдин 600 литр спирт ичимдиктерин мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандыгы аныкталды.
 Чогулган материалдар маалыматтарды каттоо журналына катталып, анын алкагында тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты