УКМК Сирияда жок кылынган теги кыргызстандык согушкер боюнча иликтөө жүргүзөт

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Сирияда жок кылынган «Катиба Таухид валь-Джихад»* террор уюмунун башчысы, теги кыргызстандык Сирожиддин Мухтаровдун өлүмү боюнча иликтөө жүргүзөт. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Буга чейин кыргыз жана орус жалпыга маалымдоо каражаттары Орусиянын Аскердик-космостук күчтөрүнүн соккусунан кийин согушкерлердин лидери жок кылынганын жазышкан.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, Сирожиддин Мухтаров 2016-жылы Бишкектеги Кытай элчилиги бутага алынып, жасалган жардыруунун уюштуруучусу катары эл аралык издөөгө алынган.

КМШ өлкөлөрүнүн Антитеррордук борборунун маалыматы боюнча, Мухтаров Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган. Аталган борбор террорчуну 2016-жылы Бишкектеги Кытай элчилигине болгон жардыруунун координатору деп атаган. Анда жанкечти автоунаасы менен дипломатиялык өкүлчүлүктүн дарбазасын сүзүп, андан кийин өзү түшкөн автокөлүктү жардырып жиберген.

2017-жылы УКМК Мухтаровдун Кыргызстанга терракт уюштуруу үчүн согушкерлерди жибергенин билдирип, анын аракеттерине бөгөт койгон.

*Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган террордук уюм

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты