УКМК: «Салык кызматкерлери тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды»
- 2 года мурун
Салык кызматкерлери тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча каралган кылмыштар боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында, Мамлекеттик салык кызматынын Лейлек району боюнча башкармалыгынын карыздарды өндүрүү жана текшерүү бөлүмүнүн башкы салык инспектору Т.Б. тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталып, документтештирилди.
Ал пландуу көчмө салыктык текшерүү учурунда кызматтын кызыкчылыктарына жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына карама-каршы келген “Э.О.” ЖЧКнын өзгөчө ири масштабда өлкөнүн бюджетине түшүүчү салыктарынын көлөмүн азайтууга көмөктөшкөн.
Башкы салык инспектор Т.Б. “Э.О.” ЖЧКсын текшерүү учурунда Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген кышкы дизелдик күйүүчү майга акциздик салыктын ставкаларын эске албай, 1 тоннасына 5000 сомдун ордуна 400 сом көрсөткөн, натыйжада өлкөнүн бюджетине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Учурда Т.Б.нын аракетинен келтирилген материалдык зыян толугу менен калыбына келтирилип, бул кылмышка Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башка кызмат адамдарынын да катыштыгы бар экендиги такталууда, жана “Э.О.” ЖЧКсынын өкүлдөрүнүн аракеттерине укуктук баа берилет.
27-февралда жогоруда аталган кылмыш ишинин алкагында Мамлекеттик салык кызматынын Лейлек району боюнча башкармалыгынын карызды өндүрүү жана текшерүү бөлүмүнүн башкы салык инспектору Т.Б. кармалып, УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө иштери уланууда.