УКМК: «Салык кызматкери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды»

  • 1 год мурун

Салык кызматкери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Мамлекеттик салык кызматынын Кемин району боюнча башкармалыгынын кызматкери, менен «М.Х.» ЖЧКсынын өкүлдөрү менен келишим түзүп, салык төлөөчүнүн өздүк эсебинин картасын мурда чегерилген салыктар боюнча 134 миллион сомго тактоо жолу менен таанылган салык милдеттенмелерин мыйзамсыз эсептен чыгарган.
Мамлекеттик салык кызматынын Кемин району боюнча башкармалыгынын кызматкери Т.Н., «М.Х.» ЖЧКсынын өкүлдөрү менен кылмыштуу бүтүмгө келип алган. Ошондой эле башка кызматкердин офистик компьютерин, логин жана паролдорун колдонуу менен, компаниянын карызын Мамлекеттик салык кызматынын маалымат базасынан негизсиз жок кылган», — деп жазылат маалыматта.

Азыркы учурда, аталган Т.Н. башка ушул сыяктуу фактылар боюнча аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси каралып жатат, ошондой эле «М.Х.» компаниясынын өкүлдөрүнүн аракеттерине укуктук баа берилмекчи.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты