УКМК сайгактын мүйүздөрүн контрабандалык жол менен ташуу иштерине бөгөт койду

  • 1 год мурун

Контрабандалык ишке каршы күрөшүү боюнча иш-чаранын негизинде жүргүзүлгөн ыкчам издөөнүн натыйжасында жоголуп кетүү коркунучунда турган 160 кг (845 даана) ашык сайгак мүйүздөрү, Казакстандан Кытайга жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин мыйзамсыз сатуу жана ташуу аракети аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам издөө иштеринин жыйынтыгында, сайгак мүйүздөрү Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз киргизилип, Кытайга контрабандалык жол менен алынып бара жатканы аныкталган. Шектүүлөр мыйзамсыз жүк ташып бара жаткан жеринен кармалган.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин эксперттери, экспертизанын жыйынтыгында бул мүйүздөр «Saiga tatarika» (сайгак) таандык экенин тастыктаган. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, жаныбарларга, анын ичинде Эл аралык Кызыл китепке кирген жаныбарларга аңчылык кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жана административдик жоопкерчиликке тартууга алып келет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты