УКМК: Сүлүктү мэриясынын кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Баткен облусу боюнча башкармалыгы Сүлүктү шаардык мэриясынын айрым кызмат адамдарына кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Сүлүктү шаарында 2018-жылдан бери “АРИС” долбоорунун алкагында жалпы суммасы 225 миллион 173 миң 374 сом болгон суу түтүктөрүн реабилитациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бирок аткарылган иштер талапка жооп бербей, бүгүнкү күнгө чейин ичүүгө таза суу бериле элек жана ошондой эле Сүлүктү шаарынын суу түтүктөрү ишке киргизиле элек.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө бөлүнгөн каражаттын максаттуу пайдаланылышын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты