УКМК: «Республиканын мамлекеттик бюджетине жалпы суммасы 87 169 537 сом болгон зыяндын орду толтурулду»

  • 5 месяцев мурун

Республиканын мамлекеттик бюджетине жалпы суммасы 87 169 537 сом болгон зыяндын орду толтурулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

«УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (коррупция) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында коррупция менен 5 адам, анын ичинде бажы органдарынын жооптуу кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Баткен бөлүмүнүн жетекчиси жана ошондой эле ишкерлер айыпталып кармалып, камакка алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө, УКМК тарабынан контролдоочу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары узак убакыт бою ак ниетсиз чарба жүргүзүүчү субъекттерге алардын иш жүзүндөгү салык базасын жана көмүрдү казып алуунун жана коңшу өлкөлөргө жасалма түрдө төмөн баада экспорттоодон келип түшкөн ашыкча пайда алуусун бажы жана салык органдарынан системалуу түрдө жашырууга колдоо көрсөтүп келгени тууралуу төгүндөлгүс далилдер алынган», — деп жазылат маалыматта.

Республиканын бюджетине келтирилген материалдык зыяндын так көлөмүн аныктоо максатында Сүлүктү шаарынын аймагында акыркы 6 жыл ичинде көмүр өндүрүү, сатуу жана экспорттоо менен алектенген 29 чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишмердүүлүгүнө салыктык текшерүү/кайра текшерүү дайындалды.

5-октябрдан 17-октябрга чейин Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын салык инспекторлору тарабынан берилген көрсөтмөлөрдүн негизинде 11 чарба жүргүзүүчү субъекттерге карата салыктык текшерүүлөр жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында санкцияларды жана кошумча айыпты эсепке албаганда, жалпы суммасы 216 млн 809 миң 62 сом салыктар дагы эсептелди.

Атап айтканда:
1. «Нур» ЖЧКсы, 63 376 640 сом.
2. «Нуркен» ЖЧКсы, 11 922 801 сом.
3. «Рио Групп» ЖЧКсы, 27 608 456 сом.
4. «Кен Ордо» ЖЧКсы, 21 823 091 сом.
5. «Ахмат Кен» ЖЧКсы, 5 759 095 сом.
6. ЖИ «А.А.Мадаминов», 3 140 396 сом.
7. ЖИ «Асанов Б.Б.», 9 780 545 сом.
8. «Али-Экспо» ЖЧКсы, 6 068 950 сом.
9. «Ак-Булак Көмүр» ЖЧКсы 16 987 762 сом.
10. «Халил-Имран» ЖЧКсы 16 617 857 сом.
11. «Имамидин Экспорт» ЖЧКсы 7 174 727 сом.

Ошону менен бирге «Имамидин Экспорт» ЖЧКсына карата жүргүзүлгөн кошумча текшерүүнүн негизинде дагы 26 783 030 сом салыктар эсептелди.
 Аталган кылмыш ишинин алкагында 2023-жылдын 9-ноябрына карата төмөндөгү чарбалык субъектилер тарабынан республиканын мамлекеттик бюджетине жалпы суммасы 87 169 537 сом салык төлөндү.

Алар:
1. «Рио Групп» ЖЧКсы 48 275 171 сом;
2. «Имамидин Экспорт» ЖЧКсы 4 804 664 сом.
3. «Ахмат Кен» ЖЧКсы 8 925 063 сом;
4. «Кен Ордо» ЖЧКсы 21 818 089 сом.
5. ЖИ Мадаминов А.3 346 000 сом.

Учурда өлкөнүн бюджетине келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу, ошондой эле кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында дайындалган башка чарба жүргүзүүчү субъекттерге салыктык текшерүүлөрдү аяктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

«Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, ошондой эле келечекте ушул сыяктуу мүнөздөгү кылмыштарды жасоону болтурбоо максатында, УКМК көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан да, абийирсиз ишкерлер тарабынан да коррупциялык көрүнүштөргө катышуусу аракеттеги мыйзамдардын чегинде текшерилип жана жоопкерчиликке тартыларын эскертет», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты