УКМК: «Прокуратуранын кызматкерлери, адвокат жана жеке аудитор пара алып жаткан жеринен кармалды»

  • 2 года мурун

14-декабрда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын прокуратурасынын ага тергөөчүсү А.М., адвокат Т.З. жана жеке аудитор Т.С. 100 миң сом пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган адамдар алдын ала сүйлөшүп алышып, Б.К. аттуу жаранга карата кылмыш ишин токтотуу жөнүндө соттун чечимин чыгаруу үчүн опузалап акча талап кылгандыгы аныкталган. Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы тарабынан тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты