УКМК: «Оштун бажы кызматкерлери жана ишкерлер аткезчиликке шектелип кармалды»

  • 1 год мурун

Ош облусунун бажы кызматкерлери жана ишкерлер системалуу түрдө аткезчилик жолу менен товарларды ташып жүргөндүгү үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, апрель айынан тарта “К.Г.” ЖЧКнын, “Г.Д.” ЖЧКнын, “А.Т.” ЖЧКнын жана “К.Т.” ЖЧКнын өкүлдөрү Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, тараза күбөлүктөрүн бурмалоо аркылуу ташылып келинген жүктүн салмагын өзгөртүшкөн, анын негизинде бажы төлөмдөрүн төлөө шарты менен андан ары эсептөө жүргүзүлгөн.

«Өз кезегинде Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери жарыяланган документтер менен иш жүзүндөгү маалыматтардын ортосунда ачык-айкын айырмачылыктын белгилери бар экендигине карабастан, 100дөн ашык жасалма документтердин негизинде товарларды бажылык тариздөө иштерин жүргүзүшкөн. Түштүк-Батыш бажысынын кызмат адамдарынын жана аталган ЖЧКнын өкүлдөрүнүн мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында 200 тоннадан ашык товар бажы төлөмдөрүн төлөөдө эсепке алынбай, мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген», — деп жазылат маалыматта.

Бул факты боюнча Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын “Ош” Бажы процедуралары борборунун бажы эрежелерин сактоо боюнча тобунун эки инспектору С.И.Ч. жана М.К.А., ошондой эле Т.Т.Ж. жана А.А.А. компанияларынын өкүлдөрү кармалып, Юстиция министрлигине караштуу ЖАКнын №25 тергөө абагына киргизилди.

Учурда мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо, бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты