УКМК: Ошто уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү кармалды

  • 10 месяцев мурун

Ош облусунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштүн алкагында 8-октябрда “Женго” каймана аты менен белгилүү болгон К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү, 1995-жылы туулган М.у.Х., 1993-жылы туулган Ю.У., 1978-жылы туулган А.Ы.Б. 1993-жылы туулган Р.А.С., 1986-жылы туулган Ош облусунун Өзгөн районунун “кароочусу” болгон Т.И.М., 2000-жылы туулган “топтун” мүчөсү А.у.Б. жана 1997-жылы туулган “топтун” дагы бир мүчөсү, ошондой эле “Казак” деген каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү дагы болуп саналган Ж.Д. кармалды. Атайын кызматтар уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракеттерин улантууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты