УКМК: Ошто Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды 

  • 7 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Ошто «Женго» кайманаты аты менен белгилүү кримтөбөл Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, кармалган жаран опузалап акча талап кылууга жана адам сабоого шектелүүдө.

«Такталгандай, кармалган А.у.Н. аялы “А” менен алдын ала сүйлөшүп алышып “бирөөнү ыңгайсыз абалга салуу” менен алектенишкен.

«А” күйөөсүнүн көрсөтмөсү менен “Одноклассники” социалдык тармагы аркылуу жаш жигиттер менен таанышып, алар менен жашыруун жолугушууга макулдашкан. Андан кийин А.у.Н. өзүн жогоруда аталган “А”нын кызганчаак жубайы катары көрсөтүп, коркутуу жана шантаж жолу менен жаш жигиттерден акча талап кылган. Тактап айтканда, үстүбүздөгү жылдын 9-январында А.у.Н. ушундай эле жол менен жабырлануучу А.Н. менен жолугуп, аны сабап, “Дэу-Нексия” үлгүсүндөгү унаасын тартып алып, 100 миң сом акча талап кылган», — деп жазылат УКМК тараткан маалыматта.

Ошондой эле, шектүү А.у.Н. мурда бир нече жолу соттолгону айтылат.

Мындан тышкары, атайын кызмат шектүү “коллектордук кызмат” деп аталган ишкерлерден опузалап акча талап кылган иш менен алектенгени, буга чейин “Дженго” каймана аты бар К. Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары укук коргоо органдарынын назарына түшкөн.

Учурда жогорудагы кылмыштарга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты