УКМК: «Ош ШИИБинин Акбура шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды»

  • 2 года мурун

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Акбура шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

14-сентябрда кызмат адамдары тарабынан акча талап кылуу фактысын документтештирүү максатында, Ош шаарында 20 миң сом пара алып жаткан жеринен Ош ШИИБнын Акбура шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Т.М. кармалды.

Кармалган кызматкер Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде УКМК Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын тергөө абагынын убактылуу кармоо жайына камалды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жагдайлар жана адамдар иликтенип, ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүп, тергөө иштери башталды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты