УКМК: Ош шаардык милициясынын ыкчам кызматкери пара менен кармалды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалганын кабарлады.

Атайын кызматтан билдиришкендей, укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Ош шаардык милициясынын ыкчам кызматкери 1500 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталган.

18-майда Кара-Суу районунун аймагында Ош ШИИБнин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын майору К.Т.Т. 20 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты