УКМК: «Опузалап акча талап кылганга шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды»

  • 1 год мурун

Опузалап акча талап кылганга шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК тарабынан 14 миң 500 доллар өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталып К.Досоновдун «Дженго» уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү Э.А. жана Ж.С. кармалышты.

«Кармалгандар күч көрсөтүп зомбулук кылабыз деп коркутуу жолу менен кысым көрсөтүп, 14 500 доллар өлчөмүндө акча каражатын Ош облусунун тургунуна милдеттендиришкен. Бул факты боюнча УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон», — деп жазылат маалыматта.

Азыркы учурда кармалгандарга Ош шаардык сотунун чечими менен УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыктын тергөө камак жайына камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты