УКМК: Опузалап акча талап кылган милициянын ыкчам кызматкерлеринин тобу аныкталды

  • 10 месяцев мурун

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери, башка кызматкерлердин тобунун курамында Ош шаарынын тургунунан 400 миң сом акча каражатын опузалап талап кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош шаардык ИИБнин төрт ыкчам кызматкери милициянын капитаны Т.Б.Н., милициянын майору И.И.И., капитан Э.С.Э. жана майор Ж.у.Н. зордуктоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгойбуз деп коркутуп, Ош облусунун тургунунан 400 миң сом өлчөмүндө акча талап кылышкан.

«25-сентябрда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында, 100 миң сом алып жаткан жеринен ортомчу кармалып, андан соң Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын опер кызматкери, милициянын майору Ж.у.Н. кармалды. Көрүлгөн чаралардын жүрүшундө жогоруда аталган милиция кызматкерлеринин ар биринин бул кылмышка катышуусунун ролу жана даражасы аныкталды.

Учурда кармалган Ж.у.Н. карата эки айлык мөөнөткө УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган», — деп жазылат маалыматта.
Бул кылмышка тиешеси бар жогоруда аталган дагы үч кызматкер учурда тергөөдөн жашырынып жүргөндүктөн, 28-сентябрда соттун чечими менен аларга карата сыртынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, алар издөөгө алынды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты