УКМК: «Ооган тектүү «чарс» баңгизаты бар жүк кармалды»

  • 2 года мурун

Жалпы салмагы 17 килограмм 192 граммды түзгөн ооган тектүү «чарс» баңгизаты бар жүк кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүк узак мөөнөттүү атайын иш-чаранын жүрүшүндө колго түшкөн.

Узак мөөнөттүү атайын иш-чаранын жүрүшүндө Тажикстан — Кыргызстан каттамы боюнча өзгөчө ири өлчөмдө оор баңгизаттарды — Ооганстанда өндүрүлгөн «чарсты» ташуу менен алектенген эл аралык маңзат тобунун ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду. 8-сентябрында ыкчам издөө иш-чараларынын комплексинин жүрүшүндө, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тургундары анын ичинде Коррупцияга каршы элдик курултайдын “Элдик палатасы” коомдук бирикмесинин мүчөсү О.Н.О., Ш.Т.А. жана Т.З.Ж. кармалган.

Кылмышка шектүүлөр Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы бармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул топтун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты