УКМК: «Нарын облусунун эки тургуну “Йакын Инкар” диний экстремисттик агымдын идеологиясынан баш тартты»

  • 2 года мурун

Нарын облусунун эки тургуну “Йакын Инкар” диний экстремисттик агымдын идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК тарабынан Нарын жана Ат-Башы райондорунда диний экстремистик жана эл аралык террордук уюмдардын, анын ичинде “Йакын Инкар” диний экстремистик агымынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин алдын алуу максатында, профилактикалык түшүндүрмө иш чаралары өткөрүлдү. Т.Ж. жана М.Т. аттуу жарандары “Йакын Инкар” диний экстремистик агымынын радикалдык идеяларын жергиликтүү эл арасында таратып, андан тышкары, жаңы мүчөлөрдү “Йакын Инкар” агымынын жер-жерлердеги түзүмдөрүнө мүчө катары тартышканы аныкталган. Ушуга байланыштуу, улуттук коопсуздук органдары жергиликтүү тургундар менен биргеликте Т.Ж. жана М.Т. жарандарына профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жыйынтыгында, алар катачалыгын, мыйзамсыз диний экстремистик уюмдардын, агымдардын терс залакасын тийгизген иш аракеттерин баамдап, өз каалоолору менен бул иш аракеттерден баш тартышты. УКМК экстремизм жана терроризм кыймылдарына каршы, алдын алуу максатында иш чараларын тынымсыз жүргүзүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты