УКМК: Мыйзамсыз кумар оюндары өткөрүлгөн мекемелер аныкталды

  • 5 месяцев мурун

Мыйзамсыз кумар оюндары өткөрүлгөн мекемелер аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте аймактагы кумар оюндарын мыйзамсыз уюштурууну аныктоо иш-чаралардын алкагында, Ош шаарынын бильярд клубунун ичинде жана базардын аймагында тиешелүү лицензиясы жок кумар оюндарын мыйзамсыз жүргүзгөн мекемелерди, тактап айтканда, “Русский лото”оюндары уюштурулгандыгын аныктады.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, 29-февралда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде кумар оюндарын уюштуруучулары А.у.А. жана У.K.A. кармалып, аталган жайлар мөөр басылып жабылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты