УКМК: «Мыйзамсыз эмгектенип жүргөн Тажикстандын 11 жараны кармалды»

  • 2 года мурун

Тажикстандын 11 жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тажикистандын жарандары Сүлүктү шаарындагы көмүр кампаларынын биринде мыйзамсыз жашап жана иштеп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

29-апрелде Сүлүктү шаарынан УКМК кызматкерлери тарабынан Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Жаббар-Расулов районунун Коргончо айылынын туулуп-өскөн тургундары, белгиленген тартипти бузуу менен мыйзамсыз эмгектенип жүргөн 11 жаран кармалды.

Бул факты боюнча 2022-жылдын 30-апрелинде КР УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинде (мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) каралган кылмыштын негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүш иши катталган.

Кармалган Тажикстандын жарандары УКМК тергөө камак жайына жайгаштырылып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты