УКМК: Мурдагы аялын сабаганга шектелген жаран кармалды

  • 6 месяцев мурун

Мурдагы аялын сабаганга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мурдагы күйөөсүнүн зомбулугуна даттанып, А.А. аттуу аял УКМКга кайрылган. Анда ал мурдагы күйөөсү Ж.Б. өзүн дайыма сабап, психологиялык жактан басынтып келгенин, ажырашып кеткенден кийин да бул иштерин токтотпогонун билдирген. «Мурдагы күйөөсү балдарынын көзүнчө психологиялык басым көрсөтүү максатында бычак жана балта менен коркуткан. жабырлануучу бир нече жолу ички иштер органдарына кайрылып, мурдагы күйөөсүнө карата административдик чара көрүлгөн», — деп жазылат маалыматта.

УКМКнын тийиштүү фактыларды текшерүүсүнүн жыйынтыгында Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси («Уруп-сабап кыйноо») менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш ачылды.

Мурдагы жубайына жана балдарына жасаган мыйзамсыз жосундары үчүн Ж.Б.А. кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты