УКМК: Москва районунда салык кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды

  • 1 год мурун

Чүй облусунун Москва районуна караштуу мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын кызматкерлери опузалап акча алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, кармалган кызматкерлер мүлк салыгы боюнча салыктык карызы жок экендиги жөнүндө маалым каты үчүн жарандардан опузалап ири өлчөмдө акча каражатын алышканы аныкталган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында Москва районунун мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгына караштуу жергиликтүү салыктарды жыйноо жана текшерүү бөлүмүнүн улук инспектору У.П.А. жана башкармалыктын салык контролу бөлүмүнүн башкы инспектору С.А.Б. кармалды. Алар А.Д.А. аттуу жарандан 100 миң сом талап кылып, аталган сумманын бир бөлүгүн алып жатканда кармалган.

Шектүүлөр Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты