УКМК: «Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин башкы адиси пара алганга шектелип кармалды»

  • 2 года мурун

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин башкы адиси пара алганга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башкы адиси Ж.Н. акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды. Кармалган адам президенттин администрациясына караштуу «Жалал-Абад мамлекеттик резиденциясы» мамлекеттик мекемесинен айрым кызматтарга прейскурант (тариф) макулдашуу жол-жобосунан өтүү үчүн акча талап кылгандыгы аныкталган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты