УКМК: «Минералдык жер семирткич түрүндөгү контрабандалык жүктү алып бара жаткан унаалар кармалды»

  • 2 года мурун

Минералдык жер семирткич түрүндөгү контрабандалык жүктү алып бара жаткан унаалар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында контрабандалык ишмердикти аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам-издөө иш- чараларынын жүрүшүндө, 25-июнда өткөрүү пунктунан тышкары, Баткен облусунун Лейлек районунун “Тал” аймагында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет жасаган С.З. жана Р.Э. аттуу жарандарынын башкаруусунда эки “КамАЗ” үлусүндөгү унаалар кармалды. Унааларды текшерүү учурунда жалпы салмагы 20 тонна, 400 даана кап “селитра” минералдык жер семирткич табылган. Аталган жүк Кыргыз Республикасынан Тажикстан Республикасына аткезчилик жол менен жөнөтүлгөн. Азыркы учурда көрсөтүлгөн факты боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты