УКМК менен ИИМ кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармады

  • 3 недели мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет менен Ички иштер министрлигинин кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө каршы күрөштүн алкагында, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарында уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар адамдарды кармап, кайрадан эскертүү берди.

Кармалгандар кылмыштуу жана уурулук идеологиядан баш тартып, Кыргызстандын мыйзамдарын сактоо зарылдыгы тууралуу билдиргени тартылган видеоматериалдар документтештирилди.

УКМК менен ИИМ уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө катышуу, ошондой эле аларды каржылоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын дагы бир жолу эскертти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты