УКМК медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын мүчөлөрү акча опузалоого шектелип кармалганын кабарлады

  • 8 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) кызматкерлери опузалап пара талап кылууга шектелип кармалганын кабарлады. Алар жарандардын майыптык тобун аныктоо үчүн туруктуу негизде акча талап кылууга шек саналып жатат.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Араван районунун аймагында опузалап акча талап кылуу жана алуу боюнча 22 факты катталып, алдын ала эсептөөлөр боюнча бир кабыл алуу күнүндө түшкөн акчанын жалпы суммасы 60-70 миң сомду түзгөнү такталган.

«Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында МСЭКтин төрагасы А.А.М. жана комиссиянын мүчөлөрү Ч.Э.А. жана Ж.М.З. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди«, — деп айтылат маалыматта.

УКМК учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты