УКМК: Мамлекеттик сырды билүүгө уруксат берилген кызматкерден кош жарандуулук аныкталды

  • 2 года мурун

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчисинен кош жарандуулук аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтан маалымдашкандай, президенттин тапшырмасы менен бардык деңгээлдеги мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кош жарандуулукка жана жасалма диплом колдонууга каршы текшерүүнүн алкагында өлкө башчынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси У.А.У.да Орусиянын жарандыгы бар экени аныкталган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, У.А.У. 2021-жылдын 11-январында Россия Федерациясынын жарандыгынан чыгууга уруксат берилгендиги тууралуу Орусиянын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун маалымкатынын көчүрмөсүн берген.

У.А.У.га 2018-жылдын апрель айында президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Коргоо жана укук тартиби башкармалыгынын кызматкери болуп турганда мамлекеттик сырды билүүгө уруксат берилген. У.А.У. ал учурда Орусиянын жарандыгы бар экенин жашырып жүргөн.

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» мыйзамдын 17 жана 18-беренелерине ылайык, мамлекеттик сырды билүүдөн баш тартуу жана токтотуу үчүн кош жарандуулуктун же башка жарандыктын болушу негиз болуп саналат. Ага ылайые, ушул жылдын 26-апрелинде УКМК У.А.У.дан мамлекеттик сырды билүү мүмкүнчүлүгүн чакыртып алган. Кийин аны кызматтан бошотуу тууралуу президенттин өкүлүнө билдирүү жөнөткөн.

Атайын кызмат “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамдын 15-беренесине ылайык, башка мамлекеттин жарандыгы бар адамдар мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштей албасын эскертет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты