УКМК: Мамлекеттик салык кызматынын инспектору кармалды

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 30-июлда Мамлекеттик салык кызматынын Жайыл району боюнча башкармалыгынын Б.А.А. аттуу улук инспекторун пара алып жаткан жеринен кармаган. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган кызматкер З.П.К. ишканасынын башкы эсепчисинен пландуу салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча оң корутунду чыгарып берүү үчүн 35 миң сом өлчөмүндө пара талап кылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин  343-беренесинин 1-бөлүмүнүн (Опузалап пара талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты