УКМК: Мамлекеттик курулуш агенттигинин кызматкери коррупцияга шектелип кармалды

  • 2 года мурун

Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы мамлекеттик экспертизанын директору М.У.Ж. коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

«Шектүү Чүй облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп турганда материалдык пайда алуу максатында подрядчы “Дос-строй” үчүн акча каражаттарын которууну кечиктирүү, ошондой эле аткарылган иштердин көлөмүн кабыл алуудан баш тартуу түрүндө жасалма тоскоолдуктарды жараткан. Анын мындай аракеттери “Дос-Строй” ЖЧКсын өзүнө тиешелүү болгон “Болот уста” ЖЧКсы менен субподрядчы түзүүгө жол ачып бергендиги аныкталган», — деп айтылат атайын кызматтын маалыматында.

Мындан тышкары маалыматта “Болот уста” ЖЧКсы Чүй облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлерине 3 миллион сомдон ашык акча каражатын пара түрүндө бергени айтылат.

Муну менен бирге социалдык объектини тапшыруунун мөөнөттөрү бир топ кечиктиргендигине байланыштуу, Беловодское айылдагы орто мектептин курулуш иштеринин көлөмү бүтпөй калган.

Аудиттин корутундусуна ылайык, бул адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен 4 миллион 500 миң сомго жакын зыян келтирилген.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты