УКМК: мамлекеттик ишкананын жетекчиси 1 млн сом пара алып жаткан жеринен кармалды

  • 1 год мурун


Кен иштетүү боюнча жаңы түзүлгөн компаниядан 20% акциясын жана 2,5 млн сом өлчөмүндө пара талап кылган деген шек менен мамлекеттик ишкананын директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, кармалган мамлекеттик ишкананын директору инвесторлорду кендерди иштетүүгө лицензиясынан ажыратуу менен коркутуп, жаңыдан түзүлгөн компаниянын 20% акциясын жана 2,5 млн сом өлчөмүндө пара талап кылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 1 млн сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурда Б.А.Т., ошондой эле экинчи шектүү «Б.А.Н.» пара менен кармалды.

Шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК сөз кайсы ишкана жана мамлекеттик мекеме тууралуу болуп жатканын ачыктаган жок. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты