УКМК: «Ленин РИИБинин 1-шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды»
- 2 года мурун
Бишкек шаардык Ленин РИИБинин 1-шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыштын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш ишинин алкагында Ленин РИИБинин 1-шаардык милициянын бөлүмүнүн башчысы милициянын подполковниги Ч.А. пара алып жаткан жеринен кармалды. Анын аракеттеринде жарандардан түшкөн арыздарды кароодо коррупциялык схемаларды уюштуруп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган.
25-августта Ч.А. УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул кылмыш иши боюнча тиешелүү атайын тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.