УКМК: Лейлектеги жашыруун диний билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

  • 2 месяца мурун

Лейлектеги жашыруун диний билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын июнь айынын башында Лейлек районунун Раззаков шаарындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен биргеликте Баткен облусундагы «Ан-Нисаа»диний окуу борборунун ишмердүүлүгү токтотулду.

Аталган окуу борбору Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосунан өтпөстөн, Баткен облусунун Лейлек районундагы аялдарга жана жашы жете элек өспүрүмдөргө диний сабактарды өткөргөндүгү аныкталды. Окуучулардын жалпы саны 60ка жакын аял болсо, анын 40ка жакыны жашы жете элек өспүрүмдөр.

Учурда бул факты боюнча УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы Лейлек районунун ички иштер бөлүмү менен биргеликте ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө. Окуу борборунан алынган диний адабияттар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

УКМК расмий каттоосу жок көмүскө иштеп жаткан ушул сыяктуу диний жайларга, билим берүү борборлоруна жана лекцияларга барбоо керектигин эскертет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты