УКМК кызматкерине пара бергенге шектелген жаран кармалды
- 2 года мурун
УКМК кызматкерине пара бергенге шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-майда Ош облусунун Ноокат районунун тургуну Р.Р. аттуу жарандын башкаруусунда, коңшу мамлекеттен Кыргыз Республикасынын аймагына контрабандалык жол менен алынып келинген 25 тонна минералдык жер семирткич ташып бара жаткан оор жүк ташуучу унаа Кадамжай шаарынын аймагында кармалды.
«Ошол эле учурда жүктүн ээси Ош облусунун Ноокат районундагы Бел айылынын тургуну А.П. экендиги аныкталды.
Муну менен бирге, аталган А.П. аттуу жаран бул жүк контрабандалык жол менен ташылып келгендигин мойнуна алып, бул фактыны жашыруу жана кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында УКМК кызматкерине акчалай каражатты сунуштай баштаган. Жыйынтыгында, бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинде (пара берүү) боюнча каралган кылмыштын негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери кылмыштардын реестрине катталган.
Ошол эле күнү МУКК кызматкерине 200 миң сом акча каражатын берип жаткан учурда А.П. кармалды», — деп жазылат маалыматта.
Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.